Орусиянын маңзатка каршы күрөшүү полициясы Орто Азия үчүн корпорация түзөт

Орто Азия үчүн корпорация түзүү демилгесин Орусиянын маңзатка каршы күрөшүү боюнча федералдык кызматы көтөрүүдө. Маңзатка каршы күрөшүү боюнча федералдык кызматтын жетекчиси Виктор Ивановдун айтымында, аталган корпорацияны түзүү менен аймактагы мамлекеттирдин калкы жумуш менен камсыз болуп жана аймактагы маңзат бизнесине каршы комплекстүү чара көрүлөт.

"Азыр тар тармакта иш алып барган полиция менен маңзатка каршы программалар жетишсиз. Ал улуттар аралык маңзат бизнесине каршы турууга алсыз. Тилекке каршы бул бизнеске Орто Азияда орун алган мамлекеттердин көп тургундары тартылып кеткен. Сөз болуп аткан корпорация Орусия жана Орто Азия мамлекеттеринде маңзатка каршы күрөштү жеңилдетип, экономикалык кызматташууну жакшыртат", - дейт ал.

Иванов корпорация түзүү тууралуу бардык материалдар Орусиянын өкмөтүнө жөнөтүлгөнүн белгиледи. Бирок, "азырынча түрдүү талкуулардан жана макулдашуулардан улам создуктурулууда".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД