Депутаттар SIM-карталарды өздүгүн тактаган документ аркылуу сатууну сунуштоодо

Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети ички иштер органдарын реформалоонуу талкуулоо учурунда СОРМдун (ыкчам иликтөөчү иш чаралардын функцияларын камсыз кылуу үчүн техникалык система) ишмердигин көзөмөлдөгөн мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин, SIM-карталарды сатуу өздүгүн тастыктаган документ менен гана ишке ашат.

Профилдик комитеттин төрагасы Кенжебек Бокоев, Түркиянын күч түзүмдөрүнүн тажрыйбасын терең үйрөнгөнүн, алар кылмыштарды боло элекке чейин эле уюлдук операторлордун жардамы аркылуу бетин ачарын белгиледи.

"Бизде да SIM-каталар өздүгүн тактаган документтер аркылуу сатылып баштаса, эч ким каршы болбойт деп ойлойм", - дейт Бокоев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД