Жаңы төрөлгөн баласын дааратканага таштаган аял кармалды

Бишкекте жаңы төрөлгөн баласын дааратканага таштаган аял кармалды. Бул тууралуу ИИМден "ВБ"га билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ИИБине түнкү саат бирлер чамасында жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Кийин белгилүү болгондой ымыркай дааратканага ташталган.

Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу, ӨКМнын кызматкерлери жана "тез жардам кызматынын" кызматкерлери келишкен. Ымыркай аман-эсен куткаруучулар тарабынан чыгарылып, №3 балдардын клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, ымыркайды таштап кеткен аялдын өздүгү аныкталды. Ал 1985-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты. Алдын-ала маалыматтар боюнча аял төрөгөн соң баласын дааратканага таштап, анын үстүнө таш ыргаткан.

Учурда шектелген аял кармалды. Биринчи Май райондук ИИБдин тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоо үчүн материал даярдоодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД