МУККнын сабалган кызматкери камактагы атажуртчу депутаттарга доосу жок

"Мен айыпталып аткан "Ата-Журттун" депутаттарына доом жок", - деп камактагы атажуртчу депутаттардын бүгүнкү, 7-февралдагы, сот отурумунда МУККнын 9-башкармалыгынын жетекчиси Жолдошбек Аралов билдирди.

Анын айтымында, 3-октябрдагы митинг учурунда коргоого алынган имаратка кирген адамдыр аны сабаган. Бирок ким экенин так билбейт.

"Мени ким сабаганын эстей албайм, бирок "Ак үйдүн" тосмосунан 20дан ашык киши секирген, ошолор мени сабашты. Бирок алардын арасынан мен айыпталып аткан Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду көргөнүм жок. Ошондуктан менин аларга доом жок", - деди Аралов.

Ал ошондой эле стратегиялык объектин тосмосунан секиргендердин арасынан айыпталып аткан Кубатбек Кожоналиевди да көрбөгөнүн кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД