Жаңы конуштардын биринин тургуну 50 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган

"Аламүдүн-1" кичи районундагы үйлөрдүн биринин короосунан 50 жаштагы аялды зордуктоого аракеттер болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИБтин басмасөз кызматы билдирди.

Тартип сакчыларынын айтымында, аял таң эрте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосуна чыккан. Анын жолун чоочун киши тоскон. Кылмышкер аялга кол көтөрүп, аны караңгы жерге сүйрөп барууга аракет кылган. Аял кыйкырып, өтүп бараткан кишилер аны арачалап калышкан.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук 9-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери келишкен. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерди текшерүү учурунда жаш жигитти кармашкан.

Жабыр тарткан аял аны дароо тааныган. Анын өздүгү такталып, алы "Бакай-Ата" жаңы конушунун 27 жаштагы тургуну болуп чыкты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД