"Жаш Канат" ансамбли Астанада өткөн балдар сынагында баш байгени утуп алды

Ушул жылдын март айынын 25инен 28ине чейин Астана шаарында "Ак көгершин" салттык 7-Эл аралык балдар чыгармачылыгынын сынагы болуп өттү. Иш чарага Кыргызстандын атынан Бишкек мэриясына караштуу маданият жана туризм башкармалыгынын №6 балдар көркөм мектебинин "Жаш Канат" хореографиялык ансамбли катышты.

Маалыматка караганда, сынак бир канча номинацияда (хореография, эстрадалык вокал, аспаптарда ойноо, көркөм окуу жана балдар модасы) өткөрүлгөн. "Жаш Канат" - хореография номинациясында 2 жаш категориясында катышкан. Натыйжада, орто жаш тобу башкы байгени, ал эми улуу топтогулар 3-даражадагы лауреат наамын жеңип алышты.

Эске салсак, аталган сынакка катышуу үчүн жакынкы чет өлкөлөрдөн 2000ге жакын жаш талант келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД