Бүгүн Бишкекте жаш урологдор үчүн 1-Борбор Азиялык саммиттин ачылышы болот

Бүгүн, 4-апрелде, Бишкекте жаш урологдор үчүн биринчи Борбор Азиялык саммиттин ачылышы болот. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын урология борборунун директору профессор Акылбек Усупбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган жаатта кыргызстандык 14 адис Бүткүл дүйнөлүк урологдор ассоциациясынын мүчөлөрү болуп саналат. Алардын ичинен 6 адис Европа ассоциациясынын мүчөлүгүндө катталуу. Урология жаатындагы башкы эл аралык уюмдардын колдоосу менен аталган ири эл аралык жыйын уюштурулууда.

Усупбаевдин айтымында, Кыргызстанга урология жаатында белгилүү адистер келишкен. Алардын арасында АКШдан Боб Джаван жана Австриядан көп жылдан бери эркектердин тукумсуздук оорусун дарылаган профессор Вольфган Аулитски да бар.

"Саммите онкоурология, андрология жана урология багытындагы заманбап жетишкендиктер, ошондой эле актуалдуу көйгөйлөр талкууга алынат. Жаш уролог кадрларды дайындоо абдан керектүү, себеби, заара чыгаруу системасы ооруга чалдыгуусу жагынан өлкөдө 3-орунда турат", - деди профессор.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД