Бишкектин Ак-Өргө жаңы конушунан 2 жаштагы Аяна аттуу кыз табылды. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары жазышты.
"Ак-Өргө аймагынан 2 жаштагы Аяна аттуу кыз табылды. Бул маалыматты башкалар менен бөлүшүүнү суранабыз, кичине кыз катуу ыйлап атат. Кимде ким кызды издеп жүргөн же, билгендер болсо (0551) 04-05-91 номерина чалууну өтүнөбүз",- деп айтылат билдирүүдө.