ЖККУнун башкы катчысы Канттагы базанын даярдыгын баалады

Бүгүн Россиянын Коргоо министрлигинин Канттагы 999- аба базасынын ишмердүулүгү менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Николай Бордюжа, КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, КРнын вице-премьер министри Шамиль Атаханов жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин: Россия, Кыргызстан, Армения, Беларусия, Казакстана менен Тажикстандын жогорку аскер жетекчилери таанышып чыгышты

Бордюжа журналисттерге Канттагы аба база ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн Борбор Азия аймагындагы маанилүү компоненти экенинин билдирди. Анын пикиринде бүгүнкү көрсөткүчтүү учуулар Канттагы аба базанын жогорку даярдыгын далилдеп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД