Доктурлар 55 жаштагы аялдын инфаркт оорусун аныктай алышпагандыгынан

VB.KG редакциясына каза болгон Салтанат Соодонбекованын туугандары – эжеси жана уулдары кайрылышты. Алар өлүмдүн себебине Ысык-Ата районунун аймактык оорукана доктурларынын күнөөсү бар деп эсептешет.

22-август күнү кечинде Кант шаарынын жашоочусу Салтанат Сооронбаева өзүн начар сезе баштап, башы айланып, муздак тер чыгып, көкүрөгүнүн тушу жана башы ооруган.

Чакырылган "Тез жардам" жетип келгени менен, анын "Кетонал" дарысынан башкасы жок болгондуктан, аялга эч жардам көрсөтө алган эмес. Анан орулууну аймактык ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган.

-Салтанат 30 жылдан ашык бул ооруканада медайым болуп иштеп келгендиктен, бул инфаркт экендигин дароо эле айткан. Доктурларга да ушул жөнүндө айтыптыр. Бирок алар муну угушкан эмес. Аны колунан жетелеп кабыл алуу бөлүмүнө алып келишип, ЭКГ жасашкан. Дежур доктур Азиз Рустамов кардиограмманы карап көргөндөн кийин, күлүп: "эже тынчсызданбаңыз, сизде эч кандай инфаркт жок, бул тарамыштардын түйүлүшү", - деп айтканын баяндады каза болгон аялдын эжеси Уруят Соодонбекова.

Анын айтканына караганда, аялга ооруну сездирбөөчү – Диклофенак жана Дексаметазон дарылары менен ийне сайышкан. Бирок анын абалы начар бойдон кала берген.

-Анан Салтанат өзү реанимация бөлүмүнө барып, доктур Айжан Айылчиевадан жардам сураган. Ушул убакта анын абалы өтө начарлап, бир нече жолу кусуп жиберген. Ошондон кийин да доктурлар бизге, баары жакшы, жакында ооруганы өтүп кетет деп ишендиргенин уланта беришти. Кайрадан ЭКГ жасашкан жок, доктур кабыл алуу бөлүмүндө жасалганын карап көрүп, инфаркт жок экендигин айтты, -деди баяндоочу VB.KG редакциясына.

Медик текшерүү жүргүзбөстөн эле, оорулууда остеохондроз бар деген жыйынтык чыгарып, ооруну сездирбөөчү дар тамчылатып куюп жана аялга 15 минут коридордо отургандан кийин үйүнө бара берүү кеңешин берген.

Кийин, анын туугандарынын сөздөрүнө караганда, Салтанат Соодонбекова ооруну сездирбөөчү дарыдан тышкары Магнезия препаратын – кан басымын ылдыйлатуу үчүн ийне сайышканын айтып берген.

-Бул инфаркт эмес, деп бизди ишендиришкен. Сайган дарылары таасир берген окшойт, ооруганы азайып калгандыктан, биз үйгө алып кетели деп чечимге келип, эртең менен Бишкектеги тааныш доктурларга жардам сурап кайрылууну пландаштырганбыз, -дейт, каза болгон аялдын эжеси, көз жашын жашыра албай.

Бирок өтө эле кеч болуп калган экен. 23-августта эртең менен бишкектик № 3 ЦСМде кайрадан ЭКГ жасашканында, жүрөктүн жарылып кеткендиги аныкталган.

Тез жардам 55 жаштагы Салтанатты Темир жол ооруканасына алып кеткенде, ал ошол жакта көз жумган.

№ 3 ЦСМдин жогорку категориядагы кардиолог-доктуру Фарида Бейшебаеванын айтканына караганда, оорулууга өз убагында туура аныктама коюлганында аны сактап калуу мүмкүндүгү болмок.

Сүйүктүү апасын эрте эле жайына беришкен уулдары акыйкаттык издеп, баардык инстанцияларга кайрылышууда. Алар Чүй облустук прокуратурасына, Генералдык прокуратурага, Саламаттык сактоо министрлигине, Акыйкатчынын аппаратына жана президент Сооронбай Жээнбековго да расмий кат жазышкан.

Азыркыга чейин эч кимиси жооп бере элек суроолор мындай: эгер өмүрдү сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда эмне үчүн аймактык оорукананын доктурлары ал үчүн эч нерсе жасашкан эмес? Же инфаркт менен остеохондрозду айырмалай албагандар, дагы эле элди "дарылоону" уланта беришеби?

VB.KG редакциясы абалды түшүндүрүп берүүсү үчүн Ысык-Ата районунун башкы доктуру Алтынкыз Аралбаевага кайрылды. Анын айткандары боюнча, медиктер өз милдетин аткарышып – оорулууга жардам көрсөтүшкөн. Ал эми ал жардам канчалык профессионалдуу болгондугун – ички иликтөө иштери көрсөтмөкчү.

-Доктурлар оорулууну кабыл алышкан, кабыл алуу бөлүмүндө дежурлук кылган доктур кардиограмма жасаган. Реанимациядагы доктур дары жазып берип, тамчылатып куйдурган. Неврология патологиясынан дарылашкан, себеби, кардиограмма боюнча ал убакта инфаркт жок болгон. Түшүнүк катында доктур ооруканага жаткырууну сунуш кылган, бирок, оорулуу өзүн жакшы сезип калгандыктан, үйүнө кетип калган. Биз оорулууну да, анын кардиограммасын да көргөнүбүз жок. Ошондуктан мындан башка эч нерсе айта албайм, азырынча жыйынтыктап айтуу кыйын, - деп билдирди башкы доктур.

Мындан тышкары Аралбаева ооруканада кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айта кетти. Салтанат Соодонбекованы кабыл алган дежур доктурлар түшүнүк каттарын жазып беришкен, бирок, иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткан мезгилде кызматтарынан четтетиле элек.

-Биз бул ишти териштире албадык – кардиограмма жок эле. Азыр бизге анын көчүрмөсүн алып келишти, менин оюмча, ушул жумада аны чечмелөө иштерин жасайбыз. Эгер ЭКГ бул инфаркт болгонун көрсөтсө, комиссиянын чечими боюнча кызматчыларга карата тиешелүү чаралар кабыл алынат, - деп жыйынтыктады аймактык оорукананын башкы доктуру.

Айта кетсек, белгилүү болгондой, Салтанат Соодонбекованы алып келген тез жардамдын доктурун кайсы-бир себептер менен жумуштан бошотуп салышкан.

VB.KG редакциясы болгон окуя боюнча териштирип чыгуу жана жарандар азыркы убакка чейин өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып кайрылууга мажбур болуп жаткан доктурлар Азиз Рустамов менен Айжан Айылчиеванын иш-аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү менен баардык профилдүү ведомстволорго кайрылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД