16 жаштагы кызды ала качкан жигит шарттуу мөөнөткө кесилди

Чүй облусунун тургуну 16 жаштагы кызды ала качкандыгы үчүн шарттуу мөөнөткө кесилди. Соттун бул чечими Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

2018-жылы ноябрь айында 22 жаштагы жигит коңшу айылда жашаган 16 жашар кызды ала качып кеткен. Сот учурунда жигит ал кыз 19 жаштамын деп алдап, ала качууга өзү макулдук бергенин айткан.

Жабыр тарткан кыз буга макул эместигин жана бул жигитке турмушка чыгууга каршы болгондугун билдирген. Алар соцтармакта Инстаграм аркылуу таанышышкан, ошол убакыт аралыгында Беловодское айылында бир жолу гана жолугушкан. Жолугушууга кыз өз курбусу менен келген жана аз гана убакытка чогуу отурушкан. Бир нече күндөн кийин жигит аны жактырып калганын билдирип, кабар жазып жиберген. Жаш кыз аны менен жолугушуудан баш тарткандыгына карабастан, жигит аны дагы бир жолку жолугушууга көндүргөн.

Жол боюнда алар сүйлөшүп турганда, жанына машина келип, жигит кызга күч колдонуп машинага салып, үйүнө ала качып кеткен.

Кийин белгилүү болгондой, жигит кызды ала качууну бир нече күн бою пландаштырып келген. Ага жардам берүүгө достору жана бир тууганы макул болушкан, себеби, алар кыз каршы эмес деп түшүнүшкөн. Жигит кыз менен сүйлөшүп турганда, алар такси жалдап айдатып келишип экөөнү салып кетишкен. Алардын сөзүнө караганда, кыз эч каршылык көрсөткөн эмес.

Бирок, бир сааттан кийин кыздын апасы келип, аны үйүнө алып кеткен да, жолу болбогон тиги жигитти милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Жигит бир нече ай камакта отурган. 2019-жылы 8-февралда соттун чечими менен аны сот залынан бошотушкан. Сот кыз ала качкан жигитти 5 жыл эркинен ажыратып, бул жазаны шарттуу эсептеп, бир жылдык сыноо мөөнөтүнө соттогон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД