Канттагы россиялык аскер базасынын ижара акысы көбөйтүлөт

Канттагы россиялык аскердик базасынын ар жылы төлөп берүүчү ижара акысы 291 миң долларга көбөйтүлөт. 2019-жылдын 23-мартында кабыл алынган токтомго ылайык, орус тарап эми авиабаза үчүн Кыргызстанга жылына $4 миллион 794 миң доллар төлөйт.

Россиялык ММК кабарлангандай, Канттагы Россиянын аскердик базасынын ар жылы төлөп берүүчү ижара акысы мурдагы 4,5 миллиондон 4,79 миллион долларга көтөрүлмөкчү. Ошондой эле аскердик базанын аянты дагы 60 гектарга кеңейтилери айтылат.

Эске салсак, Кыргызстандагы россиялык аскер базасы 2003-жылы ачылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД