75 жаштагы чоң атасынын өлүмүнө шектелип небереси кармалды

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү адамдарды кармашканын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Окуя тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө 11-апрелде саат 19:20 чамасында түшкөн.

Айтылган дарекке барган ыкчам топ 70-75 жаштар чамасындагы европалык түспөлдөгү эркек кишинин бычактан жаракат алган денесин Аламүдүндөгү турак үйлөрдүн биринен табышкан. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексиндеги 130-берене (Адам өлтүрүү) менен катталып, ыкчам тергөө иштери башталган.

Алгач тергөө иштеринин жыйынтыгында маркумдун өздүгү аныкталып, 75 жаштагы жергиликтүү тургун А.П. экени белгилүү болгон. Ал денеси табылган үйгө ээлик кылып, көп жылдан бери жалгыз жашап келген.

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери маркумдун туугандары, кошуналары жана тааныш адамдарын суракка алып, көп узабай шектүүлөр: маркумдун небере кызы - 18 жаштагы М.К. жана аны менен бирге жашап жүргөн жигит -17 жаштагы Ч.Я. кармалды.

Шектүүлөр Ысык-Ата ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Алдын ала жоромолдор боюнча, алар маркумдун үйүнө уурулукка кирип, бирок чоң атасы байкап калып каршылык көрсөткөн учурда өлтүрүлгөн.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки тергөө иштери улантылып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД