Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду

Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Бул маалыматты VB.KG редакциясына Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

-Бейтап Ош облустук ооруканасына 8-июнда жаткырылган. Төрөгөндөн кийин анын абалы начарлап, 9-июнда каза болуп калган. Каза болгон келин 13 жумалык кош бойлуу кезде каттоого алынган, төрөлгөн ымыркайдын ден соолугу таза, - деп түшүндүрмө беришти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Министрликтен билдиришкендей, боюнда бар бейтап ооруканага жаткырылганда эле анын саламаттыгы боюнча кооптонуулар болгон. Учурда бул окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Анын ишинин жыйынтыгы боюнча медиктердин күнөөсү бар же жоктугу аныкталмакчы. Каза болгон келиндин туугандары экспертиза өткөрүүдөн баш тарткандыктан, так аныктама берүү кыйынчылыгы жаралат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД