Кече жакында "12 каминов" эс алуу комплексинде кайгылуу окуя болгон. 16 жаштагы кыз Аламүдүн суусунун боюнда туруп, сүрөткө түшөм деп атып, сууга кулап түшүп, чөгүп кеткен. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына окурмандар билдиришти.
Алардын билдирүүсүн редакцияга ӨКМ басма сөз кызматы тастыктады. Мекеменин маалыматына караганда, кече күнү, 23-июнда саат 19:00 чамасында Кой-Таш айылындагы "12 каминов" эс алуу комплексинин жанында, Аламүдүн суусунун боюнда селфи жасап жаткан 2003-жылы туулган кыз сууга түшүп кеткен. Бирок, азырынча аны табуу мүмкүн боло элек.
Учурда издөө иштери жүрүп жатат, 20дан ашык куткаруучу кызматкерлер тартылган