20-жаштагы Кенжеге операция жасоо үчүн жардам керек болууда

Кече жакында 20 жаштагы студент Кенже Талантбек кызына дарыгерлер оор дарттын аныктамасын чыгарышты – лейкоз Б1, Б2 (ак кан). Бүгүн ал Улуттук онкология борборунда дарыланууда, бирок, ошого карабастан кыздын ахывалы күндөн күнгө начарлоодо.

Дарыгерлер билдиргендей, аны тез арада операция жасоо үчүн Санк-Петербург шаарына жөнөтүү зарыл.

-Кенже – үй бүлөдөгү алты кыздын кенжеси. Апасы Элмира, жолдошу каза болуп калгандыктан, жалгыз өзү кыздарын багып чоңойткон. Кенже Бишкек техникалык колледжинин студенти жана жакын арада көптөн күткөн дипломду алууну пландаштырып жаткан, - деп билдиришити анын туугандары.

Кенжени Санкт-Петербург шаарында даарылатуу үчүн 67 миң доллар керек болууда.

Анын апасынын Россиядагы мындай кымбат баадагы даарылатууну төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок, ушуга байланыштуу кичүү кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн кайрымдуу адамдардан жардам берүүнү суранат.

Кенженин туугандары жана жакындары ушундай оор абалда турган үй бүлө үчүн жардам сурап кайрылышат.

Эсеп которуу реквизиттери:

ЭЛСОМ: 0555 185502

Телефондор: 0709 580553 жана 0501 280267


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД