Аламүдүн суусуна агып кеткен 25 жаштагы жигит изделүүдө

Эки күндөн бери Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында Аламүдүн суусуна агып кеткен 25 жаштагы Султанды издөө иштери уланууда.

Анын туугандары билдиргендей, жаш жигит отун алып жатып, тайгаланып кетип Аламүдүн суусуна кулап кеткен. Ал үй бүлөдө жалгыз уул болгон, анын жаш жубайы издөө иштерине жардам көрсөтүүнү суранып кайрылууда.

Ыктыярдуулар ал сууга кулаган жерден баштап, Көк-Жар суу сактагычына чейинки аралыкта издешип жатышат.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кече күнү издөө иштерине 29 куткаруучу тартылган. Кечки саат 19:15те издөө иштери убактылуу токтотулуп, бүгүн кайрадан улантылууда.

Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД