Ысык-Көлдө эки адам өлтүрүлүп, бир аял барымтага алынды

Ысык-Көл облусунда жайгашкан "Хан-Теӊири" лагеринде эки адам өлтүрүлүп, бир аял барымтага алынды. Бул жөнүндө Ысык-Көл ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-июлда саат 12:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнө билдирүү түшүп, Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" альпенисттик лагердин башчысынын орун басары 48 жаштагы А.Д. атып өлтүрүлгөндүгү кабарланган.

Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барышкан. Күбөлөр арасында териштирүү учурунда "Хан-Теӊири" лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.Сергей "Вепрь" үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, А.Д.,ны төшүнө жана ошол эле жерде иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М.К.ны ичке аткандыгы аныкталган.

Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган Түп районундагы Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И.У. Сергейди кармоо аракетин көргөндө, анын колун бычак менен кесип жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен.

Натыйжада алган жаракатынан улам А.Д., окуя болгон жерде каза болуп, ал эми М.К., чек ара заставасына медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан учурда жолдон каза болгон.

Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда, окуяга күбө ьолгондордун айтуусунда, С.Сергей кылмыш жасагандан кийин, ошол жерде жайгашкан чумага каршы станцияда иштеген, Каракол шаарынын 48 жаштагы тургуну Л.И.ны (аял киши) барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Аталган факт Ак-Суу РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки ѳндүрүш иши башталды.

Учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү С.Сергейди кармоо жана Л.И.ны барымтадан бошотуу максатында атайын ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдѳ.

Алдын ала жоромолор боюнча, кылмыш турмуштук жагдайлардан улам келип чыккан. Окуя болгон жерге ИИМ башчысынын орун басары Мирлан Каниметов барып, кылмышкерди издөө иликтөө, кармоо жана барымтадагы аялды бошотуу боюнча ыкчам иш-чараларына жетекчилик кылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД