Финансы полициясы аттестаттагы каталар боюнча текшерүүнү баштады

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы тарабынан мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатындагы каталар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы убакта ЭККК тарабынан массалык маалымат каражаттарында кыргызстандыктар мектептин бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттарынан каталарды табышкандыгы жөнүндө жарыяланган маалыматтар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.

Бул факт кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 233-беренеси боюнча (Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматына кыянаттыгы) катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда, 2019-жылдын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген 95 миң аттестатта ката табылганы аныкталган.

Жогоруда мисал келтирилген аттестаттарды караган учурда "жөнүндөгү" деген сөздө "Н" тамгасынын ордуна "Ң" тамгасы басылгандыгы жана ушундай эле көрүнүш, Нарын облусунун Туз айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатында, "РЕДНЮЮ" сөзү кайталанып жазылып калгандыгы да аныкталган.

Жогорудагыларды эске алуу менен, сотко чейинки өндүрүштүк иштердеги баардык жагдайлардын себебин текшерип чыгуу максатында, тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД