Жайыл районунда жол кырсыгынан 11 жаштагы бала каза болду

Бүгүн эртең менен, саат 9.00. чамасында Жайыл районунун Новониколаевка айылында окуучу баланы автоунаа урдуруп кеткен. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына Чүй облусунун ЖКККБ басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы Бишкек – Чалдовар жолунун 59-километринде болуп, 1997-жылы туулган айдоочу Honda Fit үлүгүсүндөгү автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, 2008-жылы туулган баланы урдуруп кеткен. Бала алган жаракатынын кесепетинен, эсине келбестен жан берген, - деп мекемеден кабарлашты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуучу бала капысынан жолго чыга калган, бирок, бул версияны экспертиза гана аныктай алат.

Учурда сотко чейинки тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен эмес, анын автоунаасы штрафтык токтотмого токтотулду.

Бул иш боюнча материалдар Жайыл районунун ИИБ тергөө бөлүмүнө берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД