Жогорку Кеңеш Кой-Таштагы абал боюнча кезексиз сессияга чогулат

Бүгүн Кой-Таш айылындагы абалга байланыштуу Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы боло турганы күтүлүп жатат. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Маалымат үчүн: Парламенттин кезексиз сессиясы саат 14.00гө пландаштырылууда. Жогорку Кеңеште депутаттар жана аппарат эртең мененки убакыттан баштап даярданып жатышат.

Депутаттар УКМК жана ИИМ кызматкерлери суракка күч менен алып кетүүгө келип, мурдагы президенттин тарапташтары менен кагылышуусу болгон Кой-Таш айылындагы абалды талкуулашмакчы. Анын натыйжасында эки жактан тең денесинен жаракат алгандар бар. "Альфа" атайын отрядынын аскери каза болуп, Чүй облусунун ИИББнын башчысы оор абалда ооруканага жеткирилди. Андан тышкары УКМКнын 6 кызматкери барымтага алынып, мурдагы президенттин үйүндө кармалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД