Ирина Карамушкина "Адамды барымтага алуу" беренеси боюнча айыпталууда

Депутат Ирина Карамушкинага 7-8-августта Кой-Таш айылындагы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында адамдарды барымтага алды деген айып тагышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинага барымтага алуу беренеси боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирүү жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ирина Карамушкинага билдирүү бүгүн тапшырылган. Ал Жазык кодексиндеги 244-берененин 3-бөлүмү (барымтага алуу) боюнча шектелип жатат.

Маалымат үчүн:

244-берене. Барымтага алуу

1. Мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (адамдардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого же аны жасабоого мажбурлоо максатында барымтадагы адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары жасалган адамды барымта катары алуу же кармоо, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

3) куралды же курал катары колдонулуучу башка предметтерди колдонуу менен;

4) эки же андан көп адамга карата;

5) билип туруп жашы жетелекке карата;

6) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;

7) пайда көздөө менен же жалдануу менен, -

IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, этиятсыздыктан оор зыян келтирген жосундар, -

V категориядагы айып салуу менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү барымтадагы адамды (барымтадагы адамдарды) ыктыярдуу бошотсо, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Барымтадагы адамды уурдаган учурдан тартып 12 саатын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД