Бүгүн, 2-сентябрда, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин VIIсессиясынын расмий ачылышы болду.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумуш күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумуш күнүнө чейин уланат.
Эске салсак, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамдын 35-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин отурумдары шаршемби жана бейшемби күндөрү өткөрүлөт.