Чүй ОИИБнын башчысын жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которушту

Чүй ОИИБнын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Самат Курманкуловдун абалы акырындык менен жакшы болууда. Ал сүйлөй албаса дагы баардык кыймылдарга реакция берип жатат. Жакынкы убактарда аны Москва шаарынын реабилитациялык борборлорунун бирине которуу пландаштырылууда.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Ооруканада ага эки жолу операция жасалгандан кийин, 12-августта Москва шаарындагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна дарылануу үчүн алып кетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД