Бишкекте акча уурдоого шектелип 28 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан акча уурдоого шектүү делген 28 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу ШИИББ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылы 20-июлда Бишкектин Свердлов районунун ИИБне А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "Дордой" базарынан саат 13:00. чамасында белгисиз бирөөлөр баштыгынан 358 миң рубль акчасын уурдап кетишкенин жана аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Свердлов РИИБнде Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү ресстринде катталып, КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бишкек шаарынын ИИББ жана Свердлов районуну ИИБ кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш чараларын жүргүзүү учурунда окуяга шектүү катары 1991-жылы туулган кыз кармалып, ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүү жарандын ушундай башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо үчүн тергөө иштери жана оперативдүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД