Бишкекте 18 жаштагы айдоочу автоунаасы менен 3 адамды урдуруп кетип, жол кырсыгынан 6 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кече күнү, 4-сентябрда саат 18:45 чамасында белгисиз айдоочу автоунаасы менен Профессор Зима жана Архитектурная көчөлөрүнүн кесилишинен 3 жөө жүргүнчүнү урдуруп качып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен 41 жаштагы С.Г. жана 3 жашар С.У. ооруканага тез жардам унаасы менен жеткирилген. 6 жаштагы Б.Б. окуя болгон жерде көз жумган.
Бишкек шаарынын ИИББ жана ЖКККБ кызматкерлеринин ыкчам жүргүзгөн ишинин натыйжасында "Тополек" кафесинин жанында "Даймлер-Бенц-230" үлгүсүндөгү автоунаа аныкталып жана аталган кырсыкка шектүү делген айдоочу 18 жаштагы З.А. кармалды.
Автоунаа штрафтык токтотуучу жайга киргизилип, чогултулган материалдар Бишкек шаарынын ИИББ Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.