Мамкомиссиянын Кой-Таштагы окуяны иликтөөсү созулуп кетиши мүмкүн

Кече күнү, 5-сентябрда, 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн Мамлкекеттик комиссиянын экинчи жыйыны болду. Эске салсак, анын курамына Жогорку Кеңештин жети депутаты, коомчулуктун 4 өкүлү кирген жана комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт.

VB.KG редакциясы Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн бири – мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт, парламенттин экс-депутаты Алишер Мамасалиев менен маек куруп, иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө сурап көрдү.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу айтып берсеңиз?

-Эгер силердин эсиңерде болсо, 8-августта Атамбаевди күчкө салып алып келүү операциясы ишке ашпай калгандан кийин, Жогорку Кеңештин шашылыш отуруму өтүп, Кой-Таштагы окуяга байланыштуу токтом кабыл алгандыгы боюнча дароо эле түшүндүрүп кетсем. Ал мына менин колумда, анда 7-8-августтагы окуяны иликтөө алкагында кайсы мамлекеттик орган кандай иштерди жүргүзүү керектиги так белгиленген.

Азыр Кой-Таштагы окуялар боюнча тергөөнү Ички ишетр министрлиги жана Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө. 7-8-августта Атамбаев менен анын тарапташтарынын жана укук коргоо органдарынын аракеттеринин мыйзамдуулугуна жана укуктуулугуна баа берүү Башкы прокуратурага тапшырылган. Келтирилген зыянды эсептеп жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү тапшырмасы Өкмөткө берилген. Ал эми Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн комиссияга келе турган болсок, анын максаты - 2019-жылы 7-8-августта кайгылуу окуянын келип чыгыш себебине жана мындан ары ушуга окшогон укутук жана саясий чатактарга жол бербөө үчүн комплекстүү анализ жасоо болуп саналат.

Анда мамлекеттик комиссиянын өзү кандай иштер менен алектенмекчи?

-Биз өзүбүздүн иштин үч негизги багытын бекиттик, биринчиси – 7-8-августта окуянын чыгышынын себептерин аныктоо жана ошол кезде өлкөдө пайда болгон коомдук-саясий абалга анализ жасоо. Экинчиси – 7-8-августта Кой-Таштагы окуяга баа берүү жана анализ жүргүзүү. Үчүнчүсү – Мамлекеттик комиссиянын корутундусун жана сунушун берүү.

Бүгүнкү күнү биз эки кеңитилген жыйын өткөрүп, өз ишибиздин методикасын аныктадык жана келерки жумада тийиштүү материалдарды чогултуп, анализ жасоону баштайбыз. Кече күнү, бейшембиде, биз ИИМ жетекчилигинин баяндоосун уктук, кийинки жыйында УКМКнын Кой-Таштагы окуя боюнча маалыматын угабыз.

Мамлекеттик комиссия өз ишинин жыйынтыгын качан чыгарат?

-Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык биз өз ишибиздин жыйынтыгын бир ай мөөнөтүндө даярдап беришибиз керек, бирок, биз биринчи жыйында зарылдык пайда болсо комиссиянын иш мөөнөтүн узартабыз деп макулдашканбыз. Бул документтерди өз убагында тапшырабыз деп шашылбастан, сапаттуу даярдаш үчүн керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД