Бишкекте жол кырсыгынан 61 жаштагы аял каза болду

Бишкек шаарында кичи автобус жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, кырсык 24-сентябрда саат 20:30 чамасында болгон. 41 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы "Мерседес-Бенц Спринтер" 7-апрель көчөсү менен бара жатып, "Байбол" кафесинин жанында жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан өтүп бара жаткан улгайган аялды сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен аял окуя болгон жерде каза болду. Ал эми унаа айып төлөөчү жайга киргизилип, топтолгон материалдар Бишкек шаарынын ИИББ тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД