Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда АКШнын Тынчтык корпусунун ыктыярчылары баңгизат менен кармалышты. Бул тууралуу VB.KG редакциясына Жалал-Абад облусунун ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Берилген маалымат боюнча, үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында милиция эки жүргүнчүсү бар таксини токтоткон.
-Унаада жүргүнчү катары АКШнын Тынчтык корпусунун ыктыярчылары, АКШнын жарандары Йии Дэниел Джеймс жана Павел Девяткин бара жаткан. Алар шек жараткандыктан унааны тинтүүгө алышкан. Анда 1 килограмм 26 грамм салмактагы баңгизаты табылган.
Баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кылмыш иши ачылып, укук коргоочулар алардын бирөө Токтогул райондук сотунун чечими менен Жалал-Абаддын тергөө абагына 2 айга камалды. Ал Аксы районундагы мектепте англис тилинен сабак берип жүргөн, - деп милициядан билдиришти.
Бул окуя боюнча VB.KG редакциясы АКШнын элчилигине түшүндүрмө берүүсү үсүн кайрылганында, элчиликтин басма сөз кызматынын кызматкери маалымат кийинчерээк бериле тургандыгын билдирди.