Борбордун милициясы дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кызды тапты

Борбордун милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кызды тапты. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-сентябрда Биринчи май РИИБга Бишкектин М.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, М.Б. аттуу кызын табышууга көмөк көрсөтүүнү суранган. 2003-жылы туулган М.Б. 27-сентябрда саат 19.00. чамасында үйдөн белгисиз тарапка чыгып кеткен боюнча, үйнө кайрылып келген эмес.

Бул факт Бишкектин Биринчи май райондук ИИБдө Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталган.

Милиция кызматкерлери дароо эле өспүрүм кызды издөө жана анын кайда жүргөндүгүн аныктоо иштерин башташып, ошондой эле Бишкек шаарынын ИИБ жана ИИББ баардык кызматтарына маалыматтарды жиберишкен.

Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери өспүрүм кызды 29-сентябрда саат 16.00. чамасында Ош базарынын аймагынан табышып, ата-энесине өткөрүп беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД