28 жаштагы жаран мурдагы аялын зордуктоого шектелип жатат

Кемин шаарында 28 жаштагы жаран мурдагы аялын зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Чүй ООИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн билдирүүсү боюнча, 5-октябрда Кемин РИИБге 27 жаштагы Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 4-октябрь күнү 28 жаштагы Т.Т. аттуу мурдагы күйөөсү аны үйүнөн чакырып чыгарып, күчтөп машинага салып, Кеминдеги үйүнө алып келгенден кийин катуу сабап, анан зордуктаган. Кийин кыз качып кетүүгө үлгүрүп, милицияга арыз менен кайрылган.

Бирок, кыздын туугандарынын айтымында, укук коргоо органдары шектүү жаранды кармоо боюнча эч кандай аракет көрүшкөн эмес.

Соцтармактарда алар билдиргендей, бул жаран Кемин райондук криминалдык милиция кызматынын башчысы менен достук мамилеси бар.

Чүй облусунун ИИБ 5-октябрда 27 жаштагы К.А. тарабынан арыз келип түшкөнүн тастыктады жана бул факт КР Жазык кодексиндеги 161-берене (Зордуктооо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй облусунун ИИБ ички тергөө кызматы тарабынан бул фактыны кызматтык текшерүү башталды. Андан тышкары шектүү Т.Т. 9-октябрда Кемин районунун милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ал тергөөчүлөргө көрсөтмө берүүдө. Учурда ички тергөө бөлүмү тарабынан шектүү Кемин райондук криминалдык милиция кызматынын башчысынын жакын досу деген маалымат текшерилип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД