Бабанов менен Матраимов саясаттагы салмактуу "капчыктар" болуп саналабы?

Келерки жылда парламентке боло турган шайлоолор бардык жагын эске алуу менен айтсак, катуу кармашуулар менен айырмаланбай тургандай болуп калат окшойт. Жергиликтүү эксперттер белгилегендей, 9 пайыздык босого чеги акча каражаттары аз саясий уюмдар үчүн өтө алгыс тосмо болот. Мына ушул себептен улам келерки чакырылыштын курамы байлар менен алардын тарапташтарынан куралат окшоп калды.

2020-жылдагы парламенттик шайлоолордо эң бир салмактуу "капчыктар" катары "Республика" партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов жана Бажы кызматы жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов болуп калышат деген пикир да бар. Алардын биринчиси көп акча каражаттарына ээ болгондон тышкары, саяасатта көп жылдардан бери жүрөт жана акыркы парламенттик шайлоолордо экинчи орунду ээлегендиги менен белгилүү, ал эми экинчиси түштүк кланынын таасирлүү өкүлү жана тарапташтарынын да көптүгү менен айрмаланат.

Ушуну менен бирге азыркы убакта экөө тең ачыкка чыкпаганга аракет кылып жаткандыгы эч нерсени билдирбейт. Мындай көрүнүшкө түшүндүрмө берүүсү үчүн VB.KG редакциясы саясат таануучу Бакыт Бакетаевге кайрылды. Анын айтымында, саясатта алардын мындай абалда болушун түзүлгөн жайгдайлар мажбурлап жатат.

-Бул бай адамдын экөө тең азыр бирдей абалга туш келип отурушат. Мисалы, Райымбек Матраимов өзүнчө тынч жашап жүргөн, бирок, аны коомдук талкууга алып чыгышты эле, ал саясат менен алектенүүгө аргасыз болуп калды. Эгер ал саясат менен, анын ичинен келерки шайлоо менен алектенбесе, камакка кабылышы мүмкүн. Өмүрбек Бабановду алсак, анын абалы да ушуга окшош. Ал шайлоо менен алектенбей жана ага катышпай коё албайт – андан башка жолу жок, анткени анын өз турмушу үчүн кооптуу. Ошондуктан алар саясатта калып жана ММК менен өз тарапташтарын акча каражаттары менен камсыз кылып турушат, - деп белгиледи эксперт.

Азыркы убакта эки олигарх тең Кыргызстандагы башка саясатчылар сыяктуу эле унчукпай жана оңтойлуу учурду күтүү позициясын карманып отурушат, деп сөзүн улады редакциянын маектешүүчүсү.

-Алардын "унчукпай отурганын" жөнөкөй эле түшүнсө болот. Биздин кыргызчылык жашообузда канчалык кеч чыксаң, сага ар кандай компромат ошончолук аз табылат. Ошондуктан азыр Кыргызстандагы реалдуу күчтөр "унчукпай отурушат". Ал эми жашыра турган эч нерсеси жок күчтөр үгүттөө иштерин эрте башташат. Бул өзгөчө жаш саясий уюмдарга тиешелүү, - деди ал.

Саясат таануучу ошол эле убакта Райымбек Матраимов менен Өмүрбек Бабановдун парламенттик шайлоодо биригип кетүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

-Саясатта баары болушу мүмкүн. Бабанов мурда Ташиев менен деле биригип кетпеди беле, ошондуктан мындай вариант жок деп айтууга болбойт. Бир гана нерсени так айта алам, эгер Бабанов Матраимов менен биригип кетсе, алардын биримдиги парламентте көп орунду алышы, биринчи орунду да ээлеп кетиши мүмкүн, - деген божомолун айтты Бакетаев.

Россиялык жазуучу жана тарыхчы, "Кыргызстандагы Атамбаевдин карааны" китебинин автору Дмитрий Верхотуров Бабанов менен Матраимовдун "унчукпай отурушун" стартегиялык жүрүш деп атады. Эксперт Кыргызстандагы ири акча каражаттары бар саясатчылар, чынында эле олуттуу күчкө ээ деген ишеничте.

-Алардын эмитеден эле ачыкка чыгышынын эмне кереги бар? Алар оңтойлуу учурду күтүү позициясын ээлеп жана өз убагында сөзсүз түрдө ачыкка чыга келишет. Азырынча алар "унчукпай отурганы менен", алардын акчалары күчүнүн болушунча иштеп жатат. Азыр алар ММКаларга, эксперттерге, тарапташтарына төлөп турушат, бирок, алар өз убагынан мурда алдыңкы планга чыгышпайт. Муну алардын стартегиялык жүрүшү деп да айтсак болот, - деди ал.

Верхотуров Бабанов менен Матраимовдун биригүү мүмкүндүгү тууралуу да айтты.

-Азыр алардын биригүүсүнө эч өбөлгө жок, бирок, шайлоолор жакындаганда мындай варинт болуп калышы да мүмкүн, - деп белгиледи ал.

Эксперттердин пикирлерине таянсак, төмөндөгүдөй тыянак чыгарууга мүмкүн: Өмүрбек Бабанов менен Райымбек Матраимов өз акча каражаттары жана бийликтин колдоосу аркылуу, чынында эле өлкөдө олуттуу күчкө же парламентке жана өкмөткө өз кишилерин өткөрүп кете ала турган реалдуу саясий күчкө ээ боло алышат. Анын үстүнө алардын биринчисинин россиялык олигархтар тарабынан колдоосу бар.

Демек бул парламенттеги орун үчүн негизги күрөш ушул экөөнүн ортосунда гана жүрөт дегенди билдириши мүмкүнбү?

Эгер алар биригип кетсе, өлкөдөгү саясий күчтөрдүн орду кандай болмокчу?

Бул экөө тең артында көптөгөн эл, каражат жана кландар турган жөнөкөй саясатчы же бизнесмен эмес да, экөөнүн биригиши кандайдыр-бир деңгээлде бийлик үчүн да кооптонууну жаратат. Ошондуктан бийлик дагы аларды колдоп же ошол эле учурда кыска тизгинде кармап турушу мүмкүн. Ушуга жараша алардын биригишине жол бербөөгө да аракет кылат. Бирок, мунун баары азырынча түзүлгөн божомолдор гана, кийин алар дал келбей калышы да мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД