Жанар Акаев: УКМК өз кадырын коргоо үчүн далил акчаларды көрсөтүүгө тийиш

УКМКнын кызматкерлери өз кадыр-баркын коргоп калыш үчүн, Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо Башкармалыгынын мурдагы башчысы Улан Чалбаевдин иши боюнча, далил буюмдар катары каралып жаткан 200 миң долларды коомчулукка көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында билдирди.

-Паракор паракордон акча уурдап алышы бир гана Кыргызстанда кездешет болуш керек. Азыр элдин бардыгы УКМКнын сейфинен далил буюмдардын жоголгону, аны тергөөчү казинодо уттуруп салгандыгы жөнүндө айтууда. УКМК бул маалыматтын чындыкка дал келбегенин билдиргени менен, ишендире албай жатат, - деди депутат.

Депутат белгилегендей, анын УКМКны каралоо максаты жок, бирок, мекеме ички иликтөө иштерин жүргүзүп, коомчулукка 200 миң доллардын купюраларын көрсөтүшү керек.

Эске салсак, Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо Башкармалыгынын мурдагы башчысы Улан Чалбаевдин пара алуу боюнча ишинде далил буюмдар болгон 200 миң доллардын УКМКнын сейфинен жоголгондугу тууралуу ММКларда жарыяланган. Кийинчерээк УКМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты четке кагып, акча соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына которулганын маалымдаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД