Франкфурт на Маянеге же Кара жана Балтага барабыз

Жакында эле парламенттин отурумунда агрардык долбоор боюнча макулдашууну ратфикациялоо маселеси каралып жаткан. Ошондо төрага Дастан Жумабеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп чыгып, кайрадан сабаттууларга жем таштап, Франкфурт-на-Майне деген немис шаарынын аталышын өзгөчө атап салды.

Төрага 2017-жылы 25-сентябрда Люксембургда кол коюлган Кыргызстан менен Европа инвестбанкынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жана ошол эле жылы 18-сентябрда кол коюлган Кыргызстан менен Германиянын өнүктүрүү банкынын ортосундагы ошол эле долбоорду каржылоо жөнүндө мыйзам долбоорунун аталышын кыргыз тилинде көпкө чейин жана токтобостон окуп жатты.

Жумабеков "Франкфурт-на-Майне" дегендин ордуна "Франкфурт жана Маяне" деп окуп алды. Андан кийин "Маяне шаарында" деп тактап койду. Муну сөзмө сөз которгондо "Франкфурт жана Маяне" болуп калат.

Мына ушундан кийин соцтармактарда кадимки эле тамаша башталды. Алардын баары: "Келгиле Абу жана Дабиге же Баден жана Баденге баралы!" "Жок, мен Кара жана Балтага барам", "Мен болсо Кызыл жана Кыяга барайын деп жатам", - деп тамашалаганга өтүштү.

Журналист Семетей Аманбеков дүйнөдө калк жашаган дагы бир – Франкуфурт жана Маяне шаары пайда болду деп шылдың кылды.

Кимдир-бирөө тамашага чалып, Владимир Путиндин Ангела Меркел менен сүйлөшүү учурунда, Германиянын канцлерине немис шаарынын аталышын тезинен башкача атоо кеңешин берип жаткан сыяктуу кылып видеого да чыгарып салыптыр.

Ал эми саясат таануучулар төраганын жаңылыш айткан сөзүн олуттуу кабыл алышты. "Франкфурт-на-Майне" деген шаардын аталышын орто мектептин окуучулары деле билишсе керек. Демек, ал орто мектепте начар окуган. Жалпысынан алганда ал Кыргызстанды дайыма уятка калтырууда. Ал мамлекеттин экинчи адамы болуп эсептелет эмеспи. Анын Казакстанда кантип сүйлөгөнү эсиңерде барбы? Бул эмнени билдирет? Барган сайын анын билиминин начарлыгы калкып чыгууда. Анын бир нече жолу каталарды кетириши, өлкөнүн кадрдык курамынын деңгээлинин төмөндүгүн билдирүүдө", - деди саясат таануучу Айнура Арзыматова.

Анын пикиринде, Дастан Жумабеков – бүгүнкү жергиликтүү аткаминерлердин жүзүн чагылдырат.

"Аны менен бирге айрым парламентарийлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары жогорку билим алууга милдеттүү эмес деп айтып чыгышкан. Жергиликтүү облустук, райондук деңгээлдеги аткаминерлер - Жогорку Кеңеште иштегендер сыяктуу эле жогорку билим алууга милдеттүү болушу керек.

"Албетте, мындай көрүнүшкө жол берилбеши керек, - деп нааразылыгын билдирди Марат Казакпаев. – Бул сабатсыздыкты билдирет. Биздин ар бир саясатчыбыз, анын үстүнө мамлекеттин экинчи адамы катары эсептелген төрага, кандай кызматты ээлеп отургандыгын түшүнүүсү керек. Анын мындай жоругу мамлекеттин кадыр-баркын түшүрүүдө. Мындайды көргөндөн кийин баары бизди аңкоо деп айтышат да", - деди ал.

Мындай кескин айтылган сөздөрдүн да өз чындыгы бар болушу мүмкүн. Бирок, жок дегенде географиялык аталыштарды туура айта ала турган башка "адамдарды" кайдан табабыз...


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД