Аламүдүн районунда жубайлардын чатагы өлүм менен аяктады

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда жубайлардын чатагы өлүм менен аяктады. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-декабрда милицияга Аламүдүн районунун ички иштер нөөмөт бөлүмүнө Беш-Күңгөй айылындагы аскер госпиталына бычактан жарадар болгон аял келип түшкөнү кабарланган.

Бул факт боюнча милиция кызматкерлеринин ыкчам тергөө тобу айтылган дарек боюнча барып аялдын өздүгүн аныкташкан.

24 жаштагы Ы.П. алган жаракатынан улам каза болгону аныкталып, бул факт КР Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Мындан сырткары ошол эле күнү саат 21.20. чамасында милицияга Арашан айылындагы аймактык ооруканага бычактан жаракат алган эркек киши келип түшкөнүн билдиришкен. Алдын ала маалыматка караганда, 28 жаштагы Ч.Р. өзүнө өзү бычак сайып каза болгон. Бул факт дагы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алдын-ала маалыматы боюнча, жогоруда ысымдары аталган жубайлар үч жылдан бери бирге жашап жана 3 баланы тарбиялап жатышкан.

Тергөөнүн алдын-ала маалыматына караганда, Горная Маевка айылынын көчөлөрүнүн биринде жубайлар ортосунда чатак чыгып, күйөөсү Ч.Р. жубайы Ч.Рди бычак менен сайып жиберип, кийин өзүнө жаракат келтирген.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын себептерин аныктоо боюнча тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД