Садыр Жапаров TRT Avaz телеканалына Ысык-Көлдүн тамыры жөнүндө айтып берди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Түркиянын TRT Avaz телеканалына кечээ, 7-майда маек берип жатып, ар кандай жол менен COVID-19 кризисинен чыгып кетүү жолун издеп жатканын билдирди.

"Быйыл ар кандай жол менен ушул COVID-19 кризисинен чыгып кетүү жолун издеп жатабыз. Ар кандай жолдорду анын ичинде, элдик дарыгерлердин методдорун колдонуу жолу менен быйыл былтыркыдай "паника" болбой, кризиске кабылбай жылма чыгып баратабыз деп ойлоймун",- деди өлкө башчы өз сөзүндө.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров пандемия күч алганда биринчилерден болуп, жардам колун сунган түрк элине өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан ыраазычылыгын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД