АКШ Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чыры бүтө электигин айтып чыкты

АКШ Тажикстандын кол салуусунан улам курчуп кеткен Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Жонатан Хеник билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.

"Биз эки өлкөнүн башчылары менен түздөн-түз байланыштабыз. Биз чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнү колдоону сунуш кылдык. Эң башкысы, биз мындай нерселер экинчи кайталанбашы үчүн өлкө башчыларын жоопкерчиликти алып, шарт түзүүгө умтулууга чакырдык.

Биз, албетте, бул кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатабыз жана эки өлкөнүн лидерлери жетишилген ок атышпоо келишимин бузбагандыгы бизди кубандырат. Ошол эле учурда, кырдаал толук жөнгө салынды деп кабыл ала албайбыз. Андай эмес", - деп, эки тарапта тең качкындар жана жер которгон адамдар бар экендигин белгилеген Хеник.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстандын кыргыз тарапка кол салуусунан улам Кыргыз өлкөсүнөн 189 адам жаракат алып, 36 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД