УКМК Мелис Аспеков сабалды делген маалыматка жооп берди

Активист Мелис Аспеков УКМКнын абагында ур-токмокко алынгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Социалдык тармактарда денесиндеги көк ала тактарды көрсөткөн Мелис Аспековдун сүрөттөрү тарады. Анын тарапташтары Аспеков Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдөн баш тартканы үчүн УКМКнын кызматкерлери тарабынан сабалганын жазышты.

УКМКнын басма сөз кызматы социалдык тармакта жана массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматка жооп берди:

"Аталган маалымат текшерилип, М.Аспековдун жаракат алганы көрсөтүлгөн сүрөттөр 2021-жылдын март айынын башында тартылгандыгы аныкталды.

М.Аспековдун өзүнүн айтымында, 2021-жылы 4-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна барганда денесинен жаракат алган. Ал денесине эмне себептен залал келтирилгенин билдирүүдөн баш тарткан жана УКМКнын абагынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан. Буга 2021-жылы 11-мартта түзүлгөн акт күбө болуп турат.

УКМК М.Аспековдун бул аракетин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу деп баалайт.

УКМК жалган маалымат таратууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД