ТИМ Түркияга бара турчуларга сактык полисин алууну эскертти.

Сактык полиси бар жарандар аталган мамлекеттен оору жуктуруп алса, дары-дармекти акысыз алышат.

БИШКЕК, 14-май - Sputnik. Түркияга туристтик максатта барган чет өлкөлүк жарандарда туристтик ишканаларда таризделген сактык полисинин болушу абзел. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, сактык полиси бар жарандар аталган мамлекеттен оору жуктуруп алса, медициналык каражаттарды, дары-дармекти акысыз алышат. Тагыраагы, Түркиянын саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык кызмат көрсөтүү сактык полисинин негизинде гана жүргүзүлөт. Эгер туристтин сактык полиси жок болсо, анда дарылануу үчүн акы төлөйт.

"Түркиянын өкмөтү тарабынан киргизилген алгоритмге ылайык, вирустун жеңил түрүн жуктуруп алган чет өлкөлүк жарандарга препараттар бекер берилет. Ал эми илдеттин оор түрүнө чалдыккандар муниципалдык кызматтардын жолдомосу менен мамлекеттик медициналык мекемелерге жайгаштырылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам ТИМ Түркияга жөнөп жаткан кыргызстандыктарга сактык полисин алууну эскертип, аталган мамлекеттеги эпидемиологиялык кырдаалдан улам Түркияга азырынча барбай коё турууну сунуштады.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркия коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалдан улам бир катар шаарларына локдаун киргизген. Оору жуктургандар апрелдин ортосунда жогорку чекке жетип, андан кийин азая баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД