Бишкекте адашып кеткен кыз менен бала табылып ата-энесине өткорулүп берилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-майда болжол менен саат 14:00 чамасында "102" кызматына Чүй көчөсүнөн кыз жана бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 1990-жылы туулган айым кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган. Анда ошол эле даректеги короодо 2016-жылы туулган баласы жана 2017-жылы туулган кызы ойноп жүрүп жоголуп кетишкендигин кабарлаган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен адашып кеткен балдарды таап, апасына сак-саламат жеткирип беришти", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.