Эмдөөдөн өтпөгөн жана ооруп калган ар бир үчүнчү адамда бир жылдан кийин SARS-CoV-2ге антителолор аныкталган эмес. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, окумуштуулар Испаниянын Каталония шаарында 2020-жылдын июнь-ноябрь айларында жана экинчи жолу 2021-жылдын май-июль айларында изилдөө жүргүзүшкөн. SARS-CoV-2 спайкка жана нуклеокапсид антигендерине каршы IgM, IgA жана IgG деңгээли 43-72 жаштагы 1076 кишиде өлчөнгөн, алардын 59,1% аялдар болгон.
Натыйжа:
Эмдөөдөн өтпөгөн жана ооруп калгандар арасында ар бир үчүнчү адамда бир жылдан кийин SARS-CoV-2ге антителолор аныкталган эмес.
60 жаштан ашкандар жана тамеки тарткандар узак мөөнөттүү табигый иммунитетке ээ болушпайт.
Оорудан кийин эмдөөдөн өткөндөрдө - абал таптакыр башкача.