Директорлорду тандоо. Нарында – 18, Ысык-Көлдө – 39 талапкер тесттен өттү

Бүгүн, 30-сентябрда Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл облусу боюнча конкурстун II айлампасына катышуу үчүн 132 талапкер документ жиберип, андан 99 адам тестирлөөгө катышуу укугун алган. 33 талапкер документтердин толук пакетин тапшырбагандыктан тестке катышуу укугу берилген жок.

Жыйынтыгында 39 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 42,8%ын түзөт.

Ал эми Нарын облусу боюнча тестирлөөнүн II айлампасына 76 адам документ жиберген. Анын ичинен 20 талапкер документтердин толук пакетин тапшырган эмес. Жыйынтыгында 56 адам тестке катышуу укугун алган.

Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өткөн тестирлөөгө 50 талапкер катышып, алтоо тестке келген эмес.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 18 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алды. Бул катышуучулардын 64% ын түзөт.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча 41, Нарын облусу боюнча 22 ваканттык орун бар болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД