Жогорку сот кримтөбөл "Женгону" актаган өкүмдү жокко чыгарды

"Женго" каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновго чыккан эки инстанциянын өкүмдөрү жокко чыгарылды.

Жогорку соттон билдиришкендей, чечим 21-сентябрда чыккан.

"Жогорку соттун 21-сентябрдагы чечими менен эки инстанциянын өкүмдөрү жокко чыгарылып, иш жаңы курамдагы биринчи инстанциядагы сотко жаңы кароого жиберилди", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ош облустук соту Кара-Суу райондук сотунун Кадырбек Досоновду актаган чечимин күчүндө калтырган.

Досонов 2021-жылдын 11-февралында кармалып, камакка алынган. Ошол эле жылдын декабрында Кара-Суу райондук соту аны үй камагына чыгарган, бирок "жасаган кылмышынын оордугуна жана кылмыш дүйнөсүндө ээлеген ордуна байланыштуу" деген негизде ал кайра камакка алынган. Ал "Карактоо", "Маңзат соодасы", "Адам уурдоо" боюнча айыптар тагылган. Кийинчерээк Ош шаардык соту Досоновду актап чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД