Үйүн сел алып кеткен Түптүн тургунуна 2 бөлмөлүү мобилдик үй берилди

Жай мезгилинде нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен үйү жараксыз абалга келген Түп районунун тургунуна 2 бөлмөлүү мобилдик үй берилди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 29-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түп районундагы Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Балбай айылында жашаган С.Борсуковдун үйүн суу каптап, табият кубулушунан улам тургундун үйү жашоого жараксыз болуп калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын буйругунун негизинде Түп райондук өзгөчө кырдаал бөлүмү тарабынан убактылуу жашаганга эки бөлмөлүү мобилдик үй берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД