Бишкекте чет элдик жаранды коркутуп, пара алган милиционер кармалды

Бишкекте 1-октябрда Биринчи май райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери К.Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, К.Т.Б. чет элдик жаранды кылмыш жообуна тартып, камакка аларын айтып, андан 150 миң сом өлчөмүндө акчаны талап кылгандыгы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча иш козголуп, милициянын ыкчам кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД