Алтын-Ордонун тургундары дагы бир "өчпөс от" пайда болот коңгуроо кагышууда

Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Алтын-Ордо конушунун тургундары конуштун жанындагы таштанды полигонунун жайгашышына нааразы болушууда.

Конуш тургундарынын Vb.kg агенттигине билдиришкенине караганда, Алтын-Ордо конушунун жанына таштанды полигону түшүүдө. Азырынча ал жердин 50 сотыхтай жерине таштанды төгүлгөн. Шамал болгондо, ушул эле таштандыдан чыккан түтүндү айдап келгенде жытына чыдоо мүмкүн эмес.

Конуштун тургуну Азамат Шайназаровдун айтымында, 12-сентябрь күнү таштанды полигонунун жетекчилиги, Сокулук районунун жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары келип элге жолугуп кеткен. Ошондо алар конуштун тургундарынын арыз-муңун угуп, 10 күн ичинде маселени оң жагына чечип бермекчи болушкан. Бирок, тилекке каршы, андан бери бир ай өтсө да эч кандай маселе чечилген эмес.

"Таштанды полигонунун жетекчилиги элге "макул, таштандыларды өрттөбөйбүз. Бардык санитардык-эпидемиялык нормаларды сактайбыз", - деп айтып жөнөтүп жиберет да, кайра эле өрттөй беришет. Бир ай мурунку жолугушууда, депутаттар да 5 ай убакыт бергиле. Ошол убакыттын ичинде бир эле жолу өрттөнсө, анда полигонду башка жакка жылдырганга аракет кылабыз дешкен болчу. Бирок, бир жума өтпөй эле өрттөп жатышат", - дейт ал.

[stream::youtube]https://www.youtube.com/shorts/deBkHeqMD0g[/stream]


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД