"Чек талап кылып, байге утуп ал!". Лотереяга катышып батир утуп алыңыз

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 10-майынан тартып "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясын өткөрүүдө. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Лотерея Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлүп, 2022-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Биринчи утуш 1-июлда, экинчиси 1-октябрда болгон, ал эми үчүнчү жыйынтыктоочу утуш – ушул жылдын 31-декабрында өтөт.

Кандай байгелер ойнотулат?

Үчүнчү, акыркы утушта Бишкектеги бир бөлмөлүү батир, 1 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 10 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер өз ээлерин күтөт.

Жеңүүчү номерлерди тандоо лотереянын автоматташтырылган системасы тарабынан сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) аркылуу түз эфирде жүргүзүлөт.

Кантип катышууга болот?

Лотереяга катышуу үчүн:

– Google play же AppStore аркылуу "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;

– товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;

– алынган кассалык чектин QR-кодун мобилдик тиркемедеги сканерден өткөрүү зарыл.

Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.

Система сканерленген чектерди текшерет

Лотереяга катышуу үчүн сканерленген кассалык чектер 72 сааттык текшерүүдөн өтөт.

Ошол эле учурда, система кассалык чекти кабыл албаса дагы, издөө тутуму аны Салык кызматынын базасынан 30 күндүн ичинде издейт.

Белгиленген убакыттан кийин Салык кызматынын серверине келип түшкөн кассалык чектер система тарабынан кабыл алынат жана андан ары аларга ID номерлер ыйгарылат.

Лотерея системасы тарабынан сканерленген чектерди кабыл албагандыгынын себептерин аныктоо боюнча иш туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Кассалык чектер кайдан жана качан берилиши керек?

Кассалык чектер товарларды же кызматтарды сатып алууда калк менен акчалай эсептешүүлөрдө, дүкөндөрдө, соода борборлорунда, авиакассаларда, май куюучу станцияларда, жеке билим берүү мекемелеринде (бакчаларда, мектептерде), окутуу курстарында, дарыканаларда, алмашуу бюролорунда, химиялык тазалоочу жайларда, ломбарддарда, сулуулук чеберлеринин ар кандай кызматтарын, ошондой эле акы төлөө үчүн көрсөтүлүүчү ар кандай жеке мүнөздөгү кызматтарды алууда берилиши керек.

Кассалык чек эсептешүү жүргүзүлгөн учурда берилет.

Даттанууларды кабыл алуу номерлери

Лотереяга катышуучулардын даттанууларын жана кайрылууларын кабыл алуу үчүн кызматкерлердин телефон номерлери: (0999)927866, (0999)099102, (0999)099107, (0999)099108, (0777)512277, (0227)190190, (0507)628087, (0500)743434.

"Салык чек" мобилдик тиркемесинин техникалык колдоо кызматы: (0312)510147, (0508)996669.

Эске салсак, "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамга ылайык, өлкөнүн 18 жашка толгон жарандары лотереяга катышууга укуктуу.

Лотереяга катышуу – бул ар бир кыргызстандыктын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы. Чек талап кылып, байге утуп ал!

ККМ чек талап кылуу менен бирге сизде Бишкек шаарынан батир, унаа жана башка баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Андыктан ар бир соода кылган жериңизден ККМ чек талап кылыңыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД