Никита Цой тай боксу боюнча дүйнө чемпиону наамын 4-ирет коргоду

ЖАКнын кызматкери Таиланд падышалыгында тай боксу боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болду. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №31 - медициналык түзөтүү мекемесинин тиш доктуру болуп иштеген 27 жаштагы и/к лейтенанты Никита Цой муай-тай түрү боюнча бул спорттун түрү жаралган мекенинде төртүнчү жолу өзүнүн чемпион наамын коргоду.

Никита Александрович Бишкекте дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн (атасы да тиш доктур, ЖАКнын медициналык башкармалыгында иштеген подполковник), Бишкектеги №15 мектепте окуган жана таэквондодон кийин да 10 жылдан бери тай боксу менен алектенет. Машыктыруучусу Айталиев Сыргактын жетекчилиги астында машыгып келет.

Рингде өткөргөн жылдар ичинде Никита Цой үч жолу дүйнөнүн чемпиону болгон! Бирок спорттун бул түрү атаандаштар менен кармашта ардактуу наамды дайыма ырастоону талап кылат. Андыктан, ЖАКнын жетекчилиги тарабынан чемпионатка даярдануу үчүн атайын убакыт бергеен. Кесиптешибиз Паттайяда өткөн дүйнөлүк World Muaythai Federatin федерациясынын эл аралык мелдешине Кыргызстандын курама командасынын курамында катышты. Ал күчтүү атаандашын жеңип, абдан татыктуу ойноду.

Айта кетсек, Кыргызстандын курама командасы 26-ноябрда Таиланддан кайтып келе жаткандыктан, күйөрмандарыбызды ушул ишембиде "Манас" аэропортунан тосуп алууга чакырабыз.

Спортто мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз, Никита!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД