SARS-CoV-2 ичеги микробиотасын өзгөртүп, башка инфекцияларга жол ачат

АКШ окумуштууларынын тобу коронавирус инфекциясына чалдыккан учурдагы ичеги микробиотасынын өзгөрүүсүн изилдешти. Көрсө, COVID-19 бактериялардын ар түрдүүлүгүн азайтып, микробиотанын курамын өзгөртөрү белгилүү болду, ал эми бактериялардын кээ бир түрлөрү ал тургай канга кирип, коркунучтуу экинчилик инфекцияларды пайда кылышы ыктымал.

"Биздин натыйжаларыбыз көрсөткөндөй, коронавирус инфекциясы ичегидеги микробдордун туура балансына түздөн-түз кийлигишип, бейтаптарды андан да көп коркунучтарга салат", - дейт Нью-Йорк университетинин Гроссман Медицина мектебинен Кен Кэдвелл, макаланын авторлорунун бири.

Авторлор ошондой эле алардын изилдөөсү дисбиозду күчөткөн антибиотиктерди этияттык менен дайындоого түрткү берет деп үмүттөнүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД