Эсин жоготкон Футболчу Эриксендин жүрөгүнө атайын жабдык тагылмай болду

"Евро-2020" оюндары маалында эсин жоготуп кулаган даниялык футболчу Кристиан Эриксендин жүрөгүнө кичинекей жабдык орнотулат. Бул тууралуу Даниянын футбол ассоциациясы билдирди.

"Кристиан түрдүү текшерүүдөн өткөндөн кийин анын жүрөгүнө

кардиовертер-дефибриллятор тагуу чечими чыкты. Жүрөк кармагандан улам ритм бузулган учурда бул жабдык зарыл болот", - деп айтылат ассоциациянын "Твиттердеги" билдирүүсүндө.

Бирок бул жабдык футболчунун болочок карьерасына кандай таасирин тийгизери так айтылган жок. Эриксен өзү бул операцияга макул болгону кабарланды.

12-июнда Дания менен Финляндиянын курамаларынын Европа чемпионатынын биринчи турундагы беттешинде 29 жаштагы Эриксен оюн талаасында эсин жоготуп кулап, тура албай калган.

Дарыгерлер ага 15 мүнөттөй жардам көрсөтүп, андан кийин ооруканага алып кетишкен жана футболчунун жүрөгү кармап калганын айтышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД